Ар бир туристке меймандостугубузду көрсөтөлү! Садыр Жапаров элге кайрылды

Мамлекет башчы быйыл өлкөгө туристтер көп келери күтүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, туристтерге маданияттуу мамиле кылууга чакырды.
Мамлекет башчы быйыл өлкөгө туристтер көп келери күтүлүп жатканын белгиледи.
"Туристтик сезон башталды. Күн өткөн сайын Ысык-Көлүбүз болобу, борбор калаагабы же башка аймаккабы, айтор, Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөт. Туризм мамлекеттик казынаны толтуруунун олуттуу бир булагы. Ар кыл тармакта эмгектенген миңдеген мекендештерибиз үчүн да пайда алып келери айтпаса да түшүнүктүү. Андыктан сиздерден чоң өтүнүч – өлкөгө келген ар бир туристке, ар бир чет элдик жаранга меймандостугубузду, маданияттуулугубузду көрсөтөлү. Жакшы таасир алып кетсе, кийинки жылы дагы сөзсүз келет", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал туристтер өз өлкөсүнө кайтканда Кыргызстанды жакшы жагынан таанытуу жергиликтүү элдин аларга карата жасаган мамилесинен көз каранды болорун эскертти.
Буга чейин быйыл Кыргызстанга эки миллионго чукул турист келери болжолдонуп жатканы айтылган. Турсезондун расмий ачылышы 13-майда Ысык-Көлдө өткөн.
Өлкөдөгү туристтик жолдорго 68 тейлөөчү борбор дааратканасы менен салынат