Аквапарктагы окуучунун өлүмү: мектеп директору Айгүл Шимова иштен алынды

Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси 10-июнда буйрукка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында окуучунун каза болушу боюнча № 95 мектептин директору Айгүл Шимова иштен алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэрия тарабынын түзүлгөн комиссия 9-июнда ишин жыйынтыктап, чечим чыгарган.
"Мектеп жетекчилиги кызматтык милдеттерин аткарууда бир нече укуктук нормаларды бузган. Мектеп жетекчилигинин уюштуруучулук иши жөнгө салынган эмес. Натыйжада директору Айгүл Шимованы Эмгек кодексинин 83-беренеси ("Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу") менен кызматтан бошотуу чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, 10-июнь күнү Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова директорду иштен алуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Ошондой эле мектеп администрациясы менен педагогдоруна дисциплинардык чара көрүү аныкталганы кошумчаланды. Ал эми директордун эки орун басары жана алты мугалим 83-берене менен кызматтан кетирилген.
Вице-мэр Виктория Мозгачева, Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Лосникова каза болгон баланын энеси менен жолугуп, алардын үй-бүлөсүнө социалдык кызматкер дайындаган.
Мэрия маркумдун апасын юридикалык жардам жана транспорт менен камсыздай турганын убадалады. Ошону менен катар тергөө иштерине көмөктөшүүгө даяр.
Эске салсак, 6-июнь күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Бул факты боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин 127 ("Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү") жана 297-беренеси ("Керектөөчүлөр үчүн кооптуулук жаратуу") менен иш козгогон.
Аквапаркка жалпы жонунан башталгыч класстын 232 окуучусу барган. Аларды тогуз класс жетекчи жана тогуз ата-эне коштоп жүргөнү айтылган.
Бүгүн ата-энелер митингге чыгып, мектеп директорун жана аквапарктын жетекчилигин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.
Аквапарктан каза болгон окуучу: бассейнди караган куткаруучу кармалды