2022-жылдын 18-июнунда саат 20:00дө борбор калаада салттуу Toyboss Night Run кечки жарышы өтөт. Бишкекте түнкү чуркоо 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ага тажрыйбалуу спортчулар да, спорт сүйүүчүлөр да катышат. Жыл өткөн сайын күн баткандан кийин борбор калаанын көчөлөрүндө массалык чуркоонун популярдуулугу өсүүдө. Бул абдан кубандырат. Мындай пикирин Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө өтөт.
"Toyboss Night Run - 2022 жарышында жалпы беш дистанция (5, 10, 21,1 чакырым, "Аймактык" жана Ekiden эстафетасы) каралган. Быйылкы чуркоонун алкагында "Аймактык" дистанциясы да ачылды. Өлкөнүн алыскы региондорундагы күлүктөр старт күнү онлайн жарышка катышып, жайгашкан жерине карабастан өз тарыхын жарата алат. "Аймактык" дистанциядагы жарышка 14 жаштан жогорку курактагыларга катышууга уруксат берилет. Маршрут менен ар бир аймак үчүн жарыштын форматын уюштуруучулар жана Nomad Sport коомдук бирикмесинин кураторлору жарыялайт. Аймакта чуркагандар жарыштын алкагындагы байге категорияларына кирбейт. Бирок финиште медаль менен сыйланат. Ал эми Ekiden командалык (4 киши) эстафетасына компаниялар гана эмес, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн, достордон турган командалар да катышса болот. Быйылкы жарышта ар бир катышуучудан түшкөн каражаттын 20 сому Улуттук кызыл жарым ай коому аркылуу 10 жашка чейинки угуусу начар балдарга угуу аппараттарын сатып алууга жумшалат", — деди Моношбекова.
Ал 6-августта Тору-Айгырда Issyk-Kul Swim Challenge аталышындагы кезектеги сууда сүзүү боюнча иш-чара өтөрүн кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиа өнөктөшү.