Жеңиш! Кыргызстан — Мьянма беттешинин кызыктуу учурлары сүрөттө

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы мьянмалык атаандаштарын 2:0 эсебинде утту.
Sputnik
Эки топту тең биринчи бөлүктө каршылаштын дарбазасына Виктор Майер киргизди. Жеңишке жетүү оңой болбосо да беттеш ийгиликтүү аяктаарынан күмөн болгон эмес.
Кыргыз футболчуларын колдоп-коштоого 7 522 күйөрман келгени айтылды.
Оюндун кызыктуу учурларын Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.
1 / 16

Бул Азия кубогунун квалификациялык экинчи туру болду. F тайпасынын оюндары Бишкекте өтүп жатат

2 / 16

Тандоо турунун алкагында үч оюн өтөт

3 / 16

Күндүн каарманы Виктор Майер болду. Ата мекендик команданын чабуулчусу биринчи бөлүктө эки гол киргизип, эсеп оюндун акырына чейин сакталды

4 / 16

Оюнду көргөнү президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен келди. Бүгүн өлкө башчысын биринчи айым Айгүл Жапарова коштоп келген

5 / 16

Экинчи голго сүйүнүп жаткан Виктор Майер менен жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов

6 / 16

Кыргызстан командасынын күйөрмандары

7 / 16

Оюн талаасында КР командасы үстөмдүк кылып жатты

8 / 16

Беттештин башкы арбитри индиялык адис болду. Футболчуларга ойноого мүмкүнчүлүк берип, болгону бир сары карта менен чектелди

9 / 16

Экинчи тайм деле биринчи бөлүктөн көп айырмаланган жок. Топ негизинен кыргызстандыктарда болду

10 / 16

Гол киргизе турган көп эле мүмкүнчүлүк болду, бирок аны ишке ашыруу кыйынчылык жаратып жатты

11 / 16

Кыргызстандын желеги — фанаттардын негизги атрибуту

12 / 16

Кыргызстан командасынын капитаны Валерий Кичин башы менен узаткан топ дарбазага киргени менен голкиперди түртүп жибергени үчүн эсептелбей калды

13 / 16

Сингапур менен болгон беттеште КР командасы камбэк көрсөттү эле, мында күйөрмандар таза жеңишке күбө болушту

14 / 16

Мьянма футболчуларынын сейрек чабуулунун мизи кайтарылып жатты

15 / 16

Оюн 2:0 эсеби менен жыйынтыкталды

16 / 16

Кыргызстандын куржунунда эми алты упай бар. Тажикстан да ушунча упайга ээ. Үчүнчү турда Кыргызстандын командасы Тажикстандын футболчулары менен кез келет. Дал ушул оюнда чындап жеңүүчү аныкталат