Көөнө Сөз

Манасчы даек, даекчи деген сөздөрдү чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
Байгени даек, ал эми аны бөлүштүрүп берген адамды даекчи десе болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздөр "Манас" эпосунда көп кездешет.
"Көөнө сөздөрдүн арасында даек деген сөз бар. Анын мааниси сынактан, мелдештен тапкан сыйлык, байге, олжо, белекти түшүндүрөт. "Манас" эпосунун бурулуштуу бөлүктөрүнүн бири — Көкөтөйдүн ашы. Ал элде "Көкөтөйдүн ашы, көп чатактын башы" деп айтылат. Мына ошол аштагы ат чабыш сүрөттөлгөндө "даегине сан миң кара бээ сайып, сан кара кашка төө сайып" деген саптар кездешет. Ал эми ошол байгени тең бөлүштүрүп, адашпай таратыш үчүн даекчилерди шайлашкан. Алар эл арасында кадыры, салмагы бар адамдар болгон", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу менен сөз байлыкты жакшыртса болорун кошумчалады.