Балыкчыда 800 гектар жерди сугарган канал курулуп, 4200 көчөт отургузулду. Сүрөт

Бул жер жергиликтүү тургундарга жана кызыкдар тараптарга мөмө-жемиш өстүрүү үчүн ижарага берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Балыкчы шаарында ири канал ачылып, кунарсыз эки гектар жерге көчөт отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ишемби күнү "Жашыл мурас" улуттук кампаниянын алкагында Балыкчы токой чарбасында "Бир адамдан бир көчөт" экологиялык акциясы өткөн. Ага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков да катышкан.
1 / 2

Ишемби күнү "Жашыл мурас" улуттук кампаниянын алкагында Балыкчы токой чарбасында "Бир адамдан бир көчөт" экологиялык акциясы өткөн

2 / 2

Ага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков да катышкан

Акциянын алкагында 800 кайрак жерди суу менен камсыздоого ылайыкталган Сары-Булак ирригациялык каналынын расмий ачылышы болгон.
"Бул жер жергиликтүү тургундарга жана кызыкдар тараптарга мөмө-жемиш бакчасын жана тез өсүүчү дарактардын плантациясын түзүү максатында ижарага берилет. Бүгүнкү күндө Балыкчы токой чарбасынын 40 пайыздан ашык жери ижарада. Анын жыйынтыгында 1000 гектар мөмө-жемиш багы өздөштүрүлүп элдин киреше булагына айланды, жумуш орундары түзүлүп, айлана-чөйрөнү жакшыртууга өбөлгө болду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эки миң гектар жерге өрүк менен теректин 4200 көчөтү отургузулган.
Айыл чарба министрлиги быйыл "Жашыл мурас" улуттук компаниясынын жүрүшүндө Мамлекеттик токой фондунун 1 175 гектар жерине 1 миллион 397 миң көчөт отургузулганын белгиледи. Ушуну менен быйылкы акция аяктады. Келечекте тигилген бактардын санын 5 миллионго жеткирүү пландалууда.
Нарындагы эки капчыгайга карагайдын 15 миң көчөтү отургузулду. Сүрөт