Жекшембиге карата аба ырайы

12-июнда республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү болжолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жекшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +28…+33, Ысык-Көл жергесинде +20…+25, Нарын өрөөнүндө +22…+27 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +28…+30, Ош калаасында +31…+33 градус болот.
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы