Ново-Покровкада жарым жыл издөөдө жүргөн эркек кишинин сөөгү табылды

Милиция шектүү катары маркум менен чогуу жашаган аялды кармады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкектин четинде жайгашкан Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылганын Чүй ОИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына билдирүү 10-июнь күнү түшкөн. Сарайдын артына аңга көмүлгөн сөөктү түш ченде курулуш иштерин жүргүзүп жаткандар тапкан.
Милиционерлер Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козгоп, маркум 2021-жылдын декабрынан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 45 жаштагы З.Е. экенин аныкташкан. Уулунун жоголуп кеткени боюнча арызды энеси жазып, укук коргоо органдарына кайрылган.
Киши өлтүрүүгө шектелип маркум менен чогуу жашаган 53 жаштагы М. А. аттуу аял кармалды.
Тергөөнүн алдын ала берген маалыматы боюнча, 2021-жылдын 7-декабрында аял ортодо чыккан уруштан улам эркекти бир нече ирет бычак менен сайып, көөмп койгон. Милиция анын буга чейин жалган көрсөтмө бергенин белгиледи.
Тергөө иштери уланууда.
Буюртма киши өлтүрүү. Арашан айылындагы кылмыштын бети ачылды. Видео