UFC турнири ушул жекшембиде Сингапурда өтөт. Шевченко негизги кармашта жетинчи жолу чемпиондук макамын коргойт.
Иш-чаранын алып баруучусу Валентинаны феноменалдуу чемпион деп атады.
"Мен даярмын, абдан күчтүүмүн. Ким, качан, кайда болбосун, баарын жеңе алам. Мен даярмын. Кеттик анда!" — деди Шевченко.
Сантос UFC кыз-келиндер арасындагы жеңил салмак категориясында төртүнчү орунда турат.