Украина өкмөтү марихуананы мыйзамдаштырууну көздөп жатат

Бийлик бул "дары" жарандарга аскердик аракеттерден келип чыккан стресстен чыгууга жардам берет деп айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Украина өкмөтү Жогорку Радага марихуананы легалдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу "Ридус" сайты жазды.
Документте украиндерге марихуана атайын аскердик операциядан жана башка оорулардан келип чыккан стресстик абалды дарылоо үчүн керек экени айтылат.
Президент Владимир Зеленский марихуананы медициналык максатта мыйзамдаштырууну бир нече жолу сунуштаган.
Украинанын Евробиримдикке мүчө болуусуна тоскоол болгон 5 себеп аталды