БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Норвегиялык саясат таануучулар Жарле Трундаль менен Йорн Холм-Хансен жергиликтүү NRK телеканалына маек куруп, анда Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоол болгон беш себепти атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Биринчиси — коррупция. Бул жагынан алганда Украина Евробиримдиктин эң коррупциялашкан өлкөлөрүнөн дагы өйдө турат;
Экинчиден, Украинада мыйзам үстөмдүгү, башкаруу, демократия жана сөз эркиндиги жаатында көйгөйү бар;
Үчүнчү тоскоолдук — экономиканы "байлардын" көзөмөлгө алуусу. Эксперттердин айтымында, өлкөдө Евробиримдик талап кылгандай жакшы иштеген базар экономикасы жок;
Төртүнчү тоскоолдук — жакырчылык, улутчулдук жана уланып жаткан аскердик кризис. Украина жарды өлкө, айлыгы аз жана жашоо деңгээли төмөн;
Бешинчи тоскоолдук — Украинанын Евробиримдикке кезексиз кириши адилетсиздик. Өзгөчө Балкан өлкөлөрүнө карата туура эмес болуп калат.
Эске салсак, Владимир Зеленский 28-февралда Украинанын Евробиримдикке кошулуусу боюнча арызга кол койгон. Еврокомиссиянын башчысы Урсула Фон дер Ляйен апрель айында Киевге барганда Зеленскийге Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анкета тапшырган. Учурда ЕК Украинанын жоопторуна баа берип жатат. 23-24-июндагы Евробиримдиктин саммитинде Украинага талапкер статусун берүү мүмкүнчүлүгү боюнча өз сунуштарын айтат деп күтүлүүдө.