Токаев Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү мыйзамына кол койду

Коңшу өлкө аскердик техникаларды жеткирип берет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Буга чейин коңшу өлкөнүн парламентинин сенаты Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча келишимдерди ратификациялаган.
Макулдашууга 2021-жылдын 7-декабрында кол коюлган жана кыргыз тарапка берилчү аскерий мүлктүн көлөмү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган.
"Казакстан аскердик жардамды Кыргызстанга автомобиль менен жеткирүү боюнча чыгымдарды көтөрөт. Кыргыз тарап алынган аскердик мүлктү коопсуздук максатында гана пайдаланат, үчүнчү жакка бербейт, КМШ өлкөлөрүнө каршы пайдаланбайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жардамдын негизги максаты аймактык коопсуздукка салым кошуу үчүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн дараметин бекемдөө экени кошумчаланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москвадагы кыргызстандыктар Донбасска үчүнчү ирет жардам жөнөтөт. Видео