Тажикстандын футболчулары сингапурлук атаандаштарын жеңди

Саат 21.00дө оюн талаасына Кыргызстан менен Мьянманын командалары чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тажикстандын футбол боюнча курама командасы сингапурлук команданы 1:0 эсеби менен утту.
Эскерте кетсек, Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Азия кубогунун тандоо этабындагы F тобунун оюндары өтүп жатат. Экинчи турда Тажикстандын командасына мындан үч күн мурун 1:2 эсеби менен Кыргызстанга утулган Сингапурдун футболчулары атаандаш болду.
Тажик оюнчулары экинчи таймда бир гол киргизип, эсеп беттештин акырына чейин сакталды. 53-мүнөттөгү голду Шервони Маматшоев киргизген.
Эки оюндан кийин Тажикстандын командасы алты упайга ээ болду. Кыргызстандын куржунунда азырынча үч упай бар. Сингапур упай ала элек.
Белгилей кетсек, саат 21.00дө оюн талаасына Кыргызстан менен Мьянманын командалары чыгат.
Футбол: Кыргызстан — Сингапур оюнундагы кызыктуу ирмемдер