Бишкекте пара алган милиционер кармалды

Милиционердин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Борбор калаада пара алып жаткан жеринен милиционер кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.
1 / 2

Борбор калаада пара алып жаткан жеринен милиционер кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.

2 / 2

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү министрликтин Ички иликтөө кызматына эркек киши кайрылып, жол кырсыгына байланыштуу ишти оң жагына чечип берем деп 20 миң сом талап кылган милиция кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү министрликтин Ички иликтөө кызматына эркек киши кайрылып, жол кырсыгына байланыштуу ишти оң жагына чечип берем деп 20 миң сом талап кылган милиция кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") менен иш козголгону айтылды.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция полкунун инспектору 10-июнь күнү кабинетинен пара алып жаткан жеринен кармалган. Анын жанынан 15 миң табылганы маалым болду.
Милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бишкекте жаранды опузалап акча талап кылган милиционерлер кармалды