Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москвадагы кыргызстандыктар Донбасска үчүнчү ирет жардам жөнөтөт. Видео

Уюмдун мүчөлөрү колдон келген көмөгүн көрсөтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Москвадагы кыргызстандыктар Донбасска кезектеги жардамын жөнөтүүдө. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Россиядагы координатору, жардам чогултууну жетектеп жаткан Эмил Жайчиев билдирди.
Анын айтымында, уюмдун мүчөлөрү колдон келген көмөгүн көрсөтүүдө. Бул ирет кийим-кече жана тиричилик техникасы жөнөтүлмөкчү.
Жайчиевдин айтымында, Донецк менен Луканскинин ооруканалары үчүн 42 аба тазалагыч жана жакшы сапаттагы 200 даана пальто даярдалган.
"Донбасста ар улуттун өкүлдөрү жашайт, мен муну дайым айтып келем", — деди Жайчиев.
Белгилей кетсек, Украинада Россиянын жарандыгын алган төрт кыргызстандык көз жумган.
"Бул баатырлар россиялыктардын да, кыргызстандыктардын да жүрөгүндө сакталат", — деди координатор.
Гуманитардык жардам ушул айдын соңунда же кийинки айдын башында жөнөтүлөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР менен ЛЭРге дагы миң тонна гумжардам жеткирди. Видео