БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кытай армиясы Тайванды бөлүп кетүү аракеттерине каршы бардык ыкмаларды колдонот. Мындай билдирүүнү КЭРдин Коргоо министрлигинин өкүлү У Цянь жасаганын Sputnik радиосу кабарлады.
У Цянь бул тууралуу коргоо министри Вэй Фэнхэнин америкалык кесиптеши Остин Ллойд менен Сингапурда өткөн коопсуздук конференциясындагы жолугушуусунан кийин айткан.
"Эгер кимдир бирөө Тайванды Кытайдан бөлүүгө аракет кыла турган болсо, кытай армиясынын болгон ыкмалар менен согушуп, керектүү чаралардын баарын колдонуудан башка аргасы калбайт", — деген Цянь.
Фэнхе менен Остин алгачкы жолугушуусунда эки өлкөнүн аскерлери стратегиялык маселелер боюнча эпке келип, байланышта болуп, тобокелчиликтер менен күтүүсүз жагдайларды көзөмөлдөө боюнча макулдашканын The Global Times жазды.
Кытай министри америкалык кесиптешине бирдиктүү Кытай принциби эки тараптуу мамиленин негизи экенин эске салган. Фенхенин айтымында, АКШ администрациясынын Тайванга курал-жарак сатуу тууралуу билдирүүсү алакага доо кетирип, Кытайдын суверенитети менен коопсуздугуна зыян келтирген. Министр "тайвань маселесин" пайдаланып Кытайга таасир этүү аракетинин аягы жакшы бүтпөй турганын эскертти.
АКШ менен Тайвандын ортосунда дипломатиялык байланыш жок. Бирок Американын аталган аймактагы саясаты аралга коргонуу жаатында жардам көрсөтүүнү көздөйт. АКШ Тайванга курал-жарак сатуусун улантып келет.
Үстүбүздөгү жылдын 3-майында АКШ президенти Жо Байден эгер Кытай Тайванга күч колдоно турган болсо Вашингтон аскерий жооп кайтарууга даяр экенин билдирген. Ал Америка бирдиктүү Кытай саясатын колдоорун, бирок бул нерсе Пекинге Тайванды басып алууга жол бербей турганын белгилеген.
Ошол эле күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Байдендин сөзүнө байланыштуу каршылык билдирген. Мындан тышкары, Пекин Вашингтонго Тайвандагы сепаратисттерди колдоонун кооптуулугун эскерткени белгилүү болгон.