Радио

Аскарбекова: өлкөдө корпоративдик башкаруу тажрыйбасын жайылтуу керек

"Сенти" финансылык компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова Кыргызстанда корпоративдик башкаруу тажрыйбасын ири компанияларда жайылтуу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Корпоративдик башкаруу — дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган ири тажрыйба. Ал система компаниянын акционерлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого негизделет жана компанияны башкаруунун натыйжалуулугун, каржылык туруктуулугун сактоого өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Мээрим Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, корпоративдик башкарууну өлкөдө банк сектору жөнгө салып, туруктуу иш алып бара баштады.
"Корпоративдик башкаруу — дүйнө жүзүндө кеңири тараган чоң тажрыйба, бул системаны колдонуу учурдун талабы. Кыргызстанда корпоративдик башкаруу тажрыйбасын жайылтууга көңүл буруу керек. Анткени ал эл аралык деңгээлге чыгууга, компаниянын акционерлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоого негизделип, компанияны башкаруунун натыйжалуулугун, каржылык туруктуулугун сактоого өбөлгө түзөт. Тилекке каршы, корпоративдик башкаруунун маанилүүлүгүн түшүнгөндөр аз. Мындан улам республикада бул ыкма жаңыдан гана өнүгүп жатат деп айтууга болот. Бүгүнкү күндө корпоративдик башкарууну өлкөдө банк сектору жөнгө салып, туруктуу иш алып барууда", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис 2021-жылы Көз карандысыз директорлор палатасы түптөлүп, корпоративдик башкаруу системасын жайылтууга басым жасап жаткандыгын кошумчалады.