Бүгүн кечинде Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Тизме

Саат 16:30да Сингапур — Тажикстан, 21:00дө Кыргызстан — Мьянма курама командаларынын беттеши күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бүгүн кечинде Бишкектин айрым көчөлөрүндө автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Борбордук көчөлөрдөн автоунаалар саат 16:00дөн 23:00гө чейин өтө алышпайт.
Алар:
Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин;
Фрунзе көчөсү Исановдон Панфилов көчөсүнө чейин.
Буга Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан 2023-жылдагы Азия кубогунун тандоо этабындагы F тобунун оюндары себеп болууда. Саат 16:30да Сингапур — Тажикстан, 21:00дө Кыргызстан — Мьянма командаларынын беттеши күтүлүүдө.
Боомдо жол мезгил-мезгили менен жабылат. Себеби