Радио

Бектемирова: илимпоз жаштарды көбөйтүү үчүн мамлекеттик заказ болушу шарт

Жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы, геолог Турсунай Бектемирова илимде жаштардын көбөйүшү үчүн мамлекеттик деңгээлдеги колдоо зарылдыгын айтты.
Sputnik
Учурда өлкөдө жалпы окумуштуулардын 20 пайызын 40 жашка чейинки окумуштуулар түзөт. Бул тууралуу Турсунай Бектемирова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурдагы жаш окумуштууларга эч кандай колдоо жок.
"Советтер Союзу учурунда окумуштууларга жакшы көңүл бурулган. Мамлекет аларды каржылык жактан эч аксаткан эмес. Илимпоздордун айлык маянасы эле жогору болбостон, лабораториялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө эбегейсиз акча бөлүнгөн. Ошондуктан да илимдин кандидаты болуш үчүн эле чоң-чоң иликтөөлөрдү ишке ашыра алышкан. Ал эми азыр мамлекеттик заказ жок, окумуштууларга эч кандай колдоо көрсөтүлбөйт, алар өз күчү менен иштеп келишет. Мындай шартта жаштар баллондук системага ыкташат. Анткени баллондук системада окумуштуу болуу салыштырмалуу жеңилирээк", — деди Бектемирова.
Ал эгемендүү Кыргызстан дагы окумуштууларын колдоого алуусу керектигин кошумчалады.