Футбол: Кыргызстан менен Мьянма командаларынын беттеши башталды

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандоо этабындагы F тобунун оюндары өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командаларынан беттеши башталды.
Эске салсак, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Азия кубогунун тандоо этабындагы F тобунун оюндары өтүп жатат.
Команданын курамы:
Дарбазачы — Эржан Токотаев;
коргоочулар — Валерий Кичин (капитан), Бекжан Сагынбаев, Александр Мищенко, Христиан Браузман;
жарым коргоочулар — Алимардон Шүкүров, Эрбол Атабаев, Одилжон Абдурахманов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу;
чабуулчу — Виктор Майер.
Буга чейин мьянмалык футболчулар Тажикстандын футбол курама командасы менен чыгып, 4:0 эсебинде утулган. Ал эми Кыргызстандын курама командасы Сингапурдун футболчуларын 2:1 эсебинде жеңген.
Улуттук курама команданын кийинки беттеши 14-июнда Тажикстан менен болмокчу.
Тажикстандын футболчулары сингапурлук атаандаштарын жеңди