РФ элчиси: АКШ менен аскердик коопсуздук боюнча жаңы келишим керек

СНВ — жайгаштырылган стратегиялык өзөктүк куралдардын арсеналдарын мындан ары кыскартуу боюнча Россия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу документ.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. СНВ келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Россия менен стратегиялык туруктуулук маселелери боюнча байланыштын жоктугу АКШнын өзүнө зыян алып келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдирди.
"Бир нече жылдан кийин СНВ келишиминин мөөнөтү бүтөт. Стратегиялык туруктуулук боюнча аскерлер, дипломаттар ортосунда байланыштар биротоло үзүлүп калышы АКШнын улуттук кызыкчылыгына туура келеби? Менимче, андай эмес", — деди Антонов.
Россия дипломаты убакыт аз калгандыктан, бул келишимдин ордуна кайсы документ иштеши керектигин азыртадан ойлонуу зарылдыгын айтты.
СНВ — жайгаштырылган стратегиялык өзөктүк куралдардын арсеналдарын мындан ары кыскартуу боюнча Россия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу келишим. Ага 2010-жылы ошол учурдагы президенттер Дмитрий Медведев менен Барак Обама кол койгон. Документ 2026-жылдын 5-февралына чейин жарактуу деп эсептелет.
Элчи Антонов: АКШ Россия менен диалогго даяр эмес