БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Бүгүн АКШ стратегиялык туруктуулук боюнча диалогду баштоого даяр эмес экенин көрсөтүп жатат. Бирок Москва америкалык тарап "жетилгенге" чейин күтүүгө даяр. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдирди.
"Бүгүн биздин америкалык кесиптештер стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр эмес экенин көрүп турабыз. Бул тууралуу алардын өкүлдөрү бир нече жолу билдиришкен. Ошондуктан биз алардын толук "жетилишин" күтүп жатабыз", — деди элчи.
Ошондой эле ал мындай диалогго Россиянын эч каршылыгы жок экенин билдирди.
"Анткен менен мен бүгүнкү күндө мамилелерди жакшыртуу үчүн АКШ тараптан каалоону көрбөй турам. Айтайын дегеним, биз сунуштаган маселелер америкалыктарга керек болбосо, биз алардын артынан чуркабайбыз", — деди ал.
Мындан тышкары, Антонов Россия менен АКШнын ортосундагы позитивдүү мамилелер эки тарапка тең пайдалуу экенин кошумчалады. Анткени АКШ дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдү жалгыз чече албайт.
"Россия менен АКШнын ортосундагы жакшы мамиле бизге да, аларга да пайдалуу деп эсептейм. Америка канчалык күчтүү болбосун, жалгыз эч качан террорчулукка каршы күрөштө жеңишке жете албайт. Алар бизсиз климат көйгөйүн, стратегиялык туруктуулук маселелерин дагы жөнгө сала албайт", — деди дипломат.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатат. Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Америка Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр Россиянын атайын операциясы башталгандан бери бир нече масштабдуу санкцияларды киргизген. Бул чектөөлөр АКШнын өзүнө дагы катуу тийди. Мисалы, күйүүчү майдын баасы асмандап, инфляция туу чокусуна жетти. Дүкөндөрдө айрым товарлар тартыш болууда.