Бир өлкөнүн эсебинен өз коопсуздугун бекемдебейт. ЖККУга жаңы принцип кирди

Уюм Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрүнөн куралган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык коопсуздук маселелери боюнча билдирүү кабыл алышты. Бул туурасында Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди.
Бүгүн Ереванда аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. Лавровдун айтымында, ЖККУнун алкагында биринчи ирет бөлүнгүс коопсуздук принциби киргизилди.
"Мындай принцип уюмдун ичиндеги бир өлкө экинчи өлкөгө зыян келтирүү менен өз коопсуздугун бекемдешине жол берилбейт дегенди түшүндүрөт", — деди Лавров.
Башкача айтканда, уюмга мүчө-мамлекеттердин бири өз аймагынын коопсуздугун сактайм деп экинчи мамлекетке зыян келчү аракеттерге бара албайт.
Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.
Лавров: ЖККУ Евроатлантикада тең салмактуулукту камсыздаган уюм болушу керек