Көлдө жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, 4 киши көз жумду. Сүрөт

Жол кырсыгы Комсомол айылында саат 5:55 чамасында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки автоунаа сүзүшүп, кесепетинде төрт киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ысык-Көл облусунда эки автоунаа сүзүшүп, кесепетинде төрт киши каза болду
Жол кырсыгы Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 98-чакырымында, тагыраагы, Комсомол айылында саат 05:55тер чамасында болгон. Жүк ташуучу Volvo жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышкан.
"Каргашанын кесепетинен үч эркек менен бир аял каза болду. Алардын аты-жөнү такталууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Жерине Ысык-Көл райондук ӨКМ бөлүмүнүн төрт куткаруучусу тартылып, сөөктөр автоунаадан чыгарылды. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.
Чүйдө 21 жаштагы айдоочу сүзүп кеткен аял кырсык болгон жерде көз жумду