Радио

Калматова: унаасын камсыздандыргандардын саны көбөйө баштады

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандырууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Калматова акыркы жылдары жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу унаасын камсыздандыргандар көбөйө баштаганын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу өткөн жылда 44 жаран унаасын түрдүү кырсыктан алдын алса, быйыл жыл башынан июнь айына чейин 71 машина камсыздандырылды. Бул тууралуу Бурул Калматова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, уюмга кайрылгандардын көбү унаасын, айдоочунун жоопкерчилигин жана машинанын ичиндеги орундуктарды камсыздандырып жатат.
"Акыркы жылдары Кыргызстанда жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу ыктыярдуу турдө унаасын жана өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандыргандардын саны өсүп жатат. Учурда жеке камсыздандыруу компаниялары да иштеп, ар биринин баасы ар кандай коюлган. Албетте, камсыздандыруунун түрүнө жараша наркы бычылып, келишим түзүлөт. Биздин мамлекеттик уюм 2016-жылы ачылып, турак жайды гана камсыздандырууга басым жасайт. Бирок учурда анын башка түрлөрү боюнча да кайрылгандардын арызын кабыл алуудабыз. Мисалы, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму аркылуу өткөн жылда 44 жаран унаасын түрдүү кырсыктан алдын алса, быйыл жыл башынан июнь айына чейин 71 машина камсыздандырылды", — деди Калматова.
Ошондой эле адис жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана камсыздандыруунун маанилүүлүгүн жеткирүү максатында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жети облуста филиалдары иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.