БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Украинанын аскердик чалгын кызматынын өкүлү Вадим Скибицкий украин күчтөрү артиллериялык ок-дарынын запасын дээрлик түгөтүп салганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, украин аскерлери артиллерия жагынан жеңилип жатат.
"Эми баары Батыштын Украинага эмне береринен көз каранды. Учурда Россиянын 10-15 артиллериялык куралына биз тараптан бирден гана курал туура келип жатат. Биз ок-дарыны дээрлик түгөттүк жана азыр НАТОнун стандартындагы 155-калибрдеги снаряддарды колдонуп жатабыз. Батыштан курал келет деп үмүттөнүп турабыз", — деди Скибицкий британиялык ЖМКларга курган маегинде.
Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Буга чейин АКШ Конгресси Украинага жардам катары 33 миллиард доллар берүү чечимин кабыл алган. Анын ичинен 20,4 миллиарды аскердик жардам берүүгө жумшалары белгилүү болгон.
Ал эми Германия Украинага убада кылган Gepard зениттик куралдарын жеткире албай калганы айтылган. Буга снаряддын жетишсиздиги себеп болгон.