Радио

Койчуманов: биз ур-токмоктун кесепети менен гана күрөшүп келебиз

Бишкектеги Медициналык тез жардам берүү клиникалык ооруканасынын травматологу Сталбек Койчуманов ур-токмокко кабылган адамдын психологиясы бузуларын айтты.
Sputnik
Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук пандемия учурунда 62 пайызга көбөйгөн. 2021-жылдын баштапкы эки айында эле 1 463 учур болсо, жыл ичинде 10 миңден ашык зомбулук фактысы катталган. Зордук-зомбулук адамдын эркине каршы психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздө жасалат, ур-токмокко алынат. Бирок биз ушул ур-токмоктун кесепети менен гана күрөшүп келебиз. Бул тууралуу Сталбек Койчуманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тажрыйбалуу дарыгер сабалган адам менен башка себептерден улам жаракат алган кишини оңой эле айырмалай алат.
"Бизге психологиялык зомбулукка, ур-токмокко кабылып көбүнчө жаш кыз-келиндер түшөт. Биринчи кезекте алардын денесин толук текшерип, биринчи жардам көрсөтүп, диагноз коебуз. Коркуп денеси тырышып, эс-учун жоготуп койгон абалда да алып келишет. Бул учурда адамды өзүнө келтиргенге аракет кылабыз. Мындай фактылар зомбулук катары статистикага кирбей калып жатат. А негизи жабырлануучунун көп учурда мээси чайкалып, колу-бутунда көгала тактар, кээде мойнунда муунткандан кийин калган издер байкалат. Бизде атайын ушундай бейтаптарды карай турган бөлмө бар. Ал жерге тууган-урук, укук коргоо кызматкерлери болсо дагы киргизилбейт. Дарыгер жабыркаган адам менен жеке сүйлөшүп, психологиялык жардам көрсөтүү менен чындыкка жетүүгө аракет кылат. Ооба, айрым аялдар эл эмне дейт деген сөздөн улам жаракатты кандайча алганын жашырып коюшат. Мисалы, кулап кеттим, чалынып кеттим деши мүмкүн. Бирок тажрыйбалуу дарыгер сабалган адам менен башка себептерден улам жаракат алган адамды оңой эле билип коет. Андан тышкары, бейтаптын алган жаракатын анын макулдугу менен (качан кайсы жерден ким тарабынан денесине залал келтирилди ж.б. суроолор берилет) Стамбул протоколуна ылайык документтештирип, каттайбыз. Бул протоколдун бирөө өзүнө, экинчиси укук коргоо органдарына да берилет", — деди Койчуманов.
Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институту планга ылайык дарыгерлерди зордук-зомбулукка кабылган бейтаптарга жардам берүү, колдоо жаатында окутуудан өткөрөрүн кошумчалады.