Былтыр өлкөдө 1 жаштан 3 жашка чейинки балдар тоё тамак жеген эмес. Статистика

Статком балдардын азыктануусу боюнча 2021-жылдын маалыматын көрсөткөн. Анда Бишкекте кырдаал начар экендиги айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 2021-жылы Кыргызстанда 1 жаштан 3 жашка чейинки балдар курсагы тоё тамак жеген эмес. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Былтыркы жылы бул жаш курактагылардын тобунда 386 миң бала болгон. Адатта суткасына керектөө 1 661 килокалорий болушу керек. Бирок ал иш жүзүндө 1 279ду гана түзгөн. Башкача айтканда, 382 килокалорий жетпей турганы аныкталган.
Аймактар боюнча алганда Бишкек шаары (996), Чүй облусундагы (1 193) балдарда калория жетишсиз. Ал эми Талас менен Ош облусунда бул көрсөткүч нормага жакыныраак. Башкача айтканда, аталган эки аймакта былтыр балдар көбүрөөк азыктанган.
Бирок өткөн жылы орточо эсеп менен бир дагы облуста керектөө көрсөтүлгөн нормага жеткен эмес. Мындан тышкары, балдарга белок, май жетпей турганы да айтылды.
Йод жетишсиздигинин белгилери кандай? Дарыгердин кеңеши