Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бала ойной берсин. Лавров Зеленскийдин санкциясына комментарий берди

Зеленский буга чейин Путин баштаган бир катар бийлик өкүлдөрүнө санкция киргизген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевдин Россия президенти Владимир Путинге жана башка россиялык саясатчыларга каршы киргизген санкциясы жооп берүүгө да татыбайт деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бала ойной берсин. Ал биз тараптан конкреттүү кадамдарды жасоого татыбайт деп ойлойм", — деди Лавров.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия лидери Владимир Путинге, ТИМ башчысы Сергей Лавровго, ички иштер министри Владимир Колокольцевге, коргонуу министри Сергей Шойгуга жана башка россиялык расмий кызмат адамдарына каршы жекече санкция киргизүү жарлыгын чыгарган.
Эксперт Байдендин Россияга каршы санкция саясатынын башкы катасын атады