РКӨФ Кыргызстандагы текстиль фабрикасына 7,5 млн. доллар бөлөт

Жапаров өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу жана калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү максатында өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтөрүн, түзүлүп жаткан Өнүктүрүү банкы ири өнөр жай ишканаларын каржылаарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Текстиль Транс" жоопкерчилиги чектелген коомуна текстиль тармагын өндүрүү үчүн 7,5 миллион доллар бөлөт. Бул боюнча бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ишканага сапары учурунда келишимге кол коюлду.
1 / 3

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Текстиль Транс" жоопкерчилиги чектелген коомуна текстиль тармагын өндүрүү үчүн 7,5 миллион доллар бөлөт

2 / 3

Бул боюнча бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ишканага сапары учурунда келишимге кол коюлду

3 / 3

Токуу фабрикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен "Текстиль Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда текстиль фабрикасын өнүктүрүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу үчүн 7,5 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит бөлүү тууралуу кредиттик келишимге кол коюлду. Натыйжада эмгек өндүрүмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулап, кошумча 200 жумушчу орун түзүлөт.

"Токуу фабрикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен "Текстиль Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда текстиль фабрикасын өнүктүрүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу үчүн 7,5 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит бөлүү тууралуу кредиттик келишимге кол коюлду. Натыйжада эмгек өндүрүмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулап, кошумча 200 жумушчу орун түзүлөт", — деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.
Жапаров, мындан сырткары, "Интергласс" айнек чыгаруучу заводдогу өндүрүштүк процесстер менен таанышкан.
1 / 2

Жапаров, мындан сырткары, "Интергласс" айнек чыгаруучу заводдогу өндүрүштүк процесстер менен таанышкан

2 / 2

"Интергласс" айнек заводу — Борбордук Азиядагы флоат-айнек чыгаруучу эң ири ишкана

"Министрлер кабинети өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу жана калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү максатында өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтөт. Түзүлүп жаткан Өнүктүрүү банкы ири өнөр жай ишканаларын каржылайт. Биз экономиканы башкаруудагы жаңы методдорду киргизүү менен улуттук экономиканы индустриализациялоого умтулуудабыз", — деген Жапаров.
"Интергласс" айнек заводу — Борбордук Азиядагы флоат-айнек чыгаруучу эң ири ишкана.
Рекорддук сумма. Быйыл РКӨФ 90 млн. долларлык долбоорду каржылайт