Ысык-Көлдөгү кадрлар камтылган. Шевченконун беттеш алдындагы ролиги жарыяланды

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) уюмунун YouTube каналына алдыда боло турган кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Таила Сантостун беттешинин проморолиги жарыяланды.
Sputnik
Кадрга Шевченконун мурдагы мушташтарындагы мыкты нокауттардан сырткары Ысык-Көлдүн жээгиндеги машыгуусу камтылган.
"Жеңил салмактагы дивизионго өтөрү менен аны багындырып алды. Катары менен алты жолу титулун коргоду. Бул Кыргызстандын атынан чыккан Валентина Шевченко", — деп айтылат видеодо.
Ушул жекшембиде Сингапурдагы UFC турниринде чемпион бразилиялык спортчу Таила Сантос менен беттешет. Шевченко 2018-жылдан бери чемпиондук макамын коргоп келе жатат. Бул анын ошондон берки жетинчи беттеши болмокчу.