Саясат таануучу Марат Казакпаев көз жумду

Мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып жаткан саясий серепчи кечээ комага түшкөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Саясат таануучу Марат Казакпаев көз жумду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мусаев тастыктады.
Мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып жаткан Казакпаев кечээ комага түшкөнү айтылган. Жактоочусу анын инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткенин билдирген. Мындан улам кечээ, 9-июнь күнү, УКМКнын тергөө абагынан ооруканага жеткирилген.

"Казакпаев кечээ биздин ооруканага комага түшүп келген, ошол боюнча өзүнө келген жок. Бүгүн кан басымы түшүп кетип каза болду",— деди Мусаев.

Эске салсак, Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып, былтыр кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн.
Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.
Аквапаркта каза болгон бөбөк. Мектеп директору да иштен алынат