УКМК: "Манас" аэропортунан жасалма паспорт менен келген чет элдиктер кармалды

Непалдын жарандары Индонезиянын паспортун көрсөтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Манас" аэропортунан жасалма паспорт менен Непалдын үч жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
"9-июнда "Манас" аэропортуна Бириккен Араб Эмирлигинен Шарджа — Бишкек авиакаттамы менен чет элдик жарандар келишкен. Паспорттук текшерүүдөн өтүп жатканда алар чек арачыларга Индонезиянын паспортун көрсөтүшкөн. Чек ара кызматы текшерип жатып документтердин жасалма экенин аныктады", — деп айтылат билдирүүдө.
Сурамжылоо учурунда мамлекеттик чек араны бузгандар Непалдын жарандары экени белгилүү болгон. Тинтүү маалында алардын жанынан дал ушул мамлекеттин паспорттору табылган.
Протокол түзүлгөндөн кийин кармалгандар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.
Кытайлыктан 3 миң доллар пара сураган. "Манас" аэропортунда чек арачы кармалды