БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Түркияда 8-9-июнь күндөрү "Эфес-2022" аттуу масштабдуу аскер-деңиз машыгуулары өтүп, ага алгачкы ирет кыргызстандык аскер кызматкерлери катышты. Анын видеосу Түркиянын Коргоо министрлигинин Twitter-аккаунтуна жарыяланды.
Маалыматка караганда, 37 мамлекеттин жоокерлери жерде жана деңизде машыгууларды өткөрүп, тик учактан парашют менен секиришкен. Жалпы жонунан жеке курамдагы 12 миң адам катышып, 120дан ашык кеме жана учактар тартылган.
КР Коргоо министрлигинин маалымат кызматы Кыргызстандын делегациясын коргоо министри Бактыбек Бекболотов жетектегенин билдирди. Ал сапардын алкагында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар жана Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов менен жолугуп, аскердик кызматташтык боюнча келечектүү долбоорлорду талкуулаган. Мындан тышкары, Бекболотов Түркиянын коргонуу-өнөр жай комплексинин заманбап продукциясынын көргөзмөсүнө катышкан.