БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жогорку класстын окуучуларын мал уурулукка тарткан дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 6-июнь күнү жергиликтүү тургун Ак-Суу РИИБине кайрылып, белгисиз адамдар малын уурдоого аракет кылганын айткан. Арыз ээси бул биринчи учур эмес экенин, буга чейин төрт коюн уурдатканын кошумчалаган.
Жергиликтүү тургундун арызы Ак-Суу РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгү ("Алдын ала макулдашуу боюнча") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында мал уурдоого тиешеси бар адамдардын ким экени аныкталган. Кылмышка шектелгендердин ичинен бешөө 17 жаштагы, бирөө 18 жаштагы окуучулар, дагы бири 25 жаштагы мугалим болуп чыккан. Алар суракта айылдаштарынын 15 баш коюн жана 3 500 килограмм буудайын уурдашканын мойнуна алышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө 25 жаштагы дене тарбия мугалими кылмыш ишине мектеп окуучуларын тартканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Дене тарбия мугалими уурдалган малды Түп айылындагы досуна сатып жибергенин айткан. Милиция ал адамдын да ким экенин аныктаган. Учурда тергөө иштери уланууда.