Ишембиге карата аба ырайы

11-июнда республика аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ишембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас чөлкөмүндө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +32…+37, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +22…+27 градус жогорулайт.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +32…+34, Ош калаасында +34…+36 градус болот.
Классташтар, коштошуу бийи, кучак толо гүл... Ак жол сага, бүтүрүүчү!