Кыргызда жаңы келген келинди көшөгөдөн чыгарып, үй тиричилигине аралаштырардын алдында жоолук менен кошо чачына чачпак таккан. Бул тууралуу Үрниса Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурдагы муун этнопедагогикадан күн сайын алыстап бара жатат.
"Кыргыздын кылымдар бою бышып жетилген, кагазга түшүрүлбөй муундан-муунга өзгөрүүсүз өткөн этнопедагогикасы болгон. Тилекке каршы, азыркы учурда биз анын көбүн жоготуп алдык. Мисалы, жаңы келген келинге башына жоолук саларда чачына чачпакты кошо байлаган. Азыр чачпактын маанисин далыны түз кармайт, ден соолукка пайдалуу, кооздук үчүн деп чечмелеп жүрүшөт. Бирок негизги милдети башка, жаш келиндин кенен басып-туруп жүрүүсүнө шарт түзгөн. Чачпактын шыңгыры угулганда уялбай, кысылбай оокат кылсын деп кайната, кайнага ары басып кеткен. Мунун артынан жаңы келген келинди жана өздөрүн да ыңгайсыз абалга туш кылган жагдайлар жаралган эмес", — деди Кадыралиева.
Педагог ошондой эле кыргызда тергөө салты болгонун, бул ошол жаш келин менен кайын журттун ортосунда сый мамилени күчөтүп, келиндин дарегине жакшы пикир жаратуучу механизм экенин кошумчалады.