БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалганын УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен катталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө учурунда аталган бекеттин аймагында системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы аныкталган.
"Кылмышка шектелип өткөрүү бекеттин А.Д.М., Д.М.Т. жана Х.Р.Р. аттуу аскер кызматкерлери, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун түштүк аймагы боюнча башкы дарыгеринин орун басарынын милдетин аткаруучу Н.С.Т., "Достук" санитардык карантин пунктунун мурдагы башчысы А.З.Ж., ошондой эле бекеттин аймагындагы кызмат адамдарынын мыйзамсыз акча өндүрүүсүнө тиешеси бар ортомчулар С.А.Ж. жана А.Б.Т. кармалды", — деп айтылат кабарда.
Ош шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 24-июнга чейин камакка алуу чечими кабыл алынды.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иликтөө уланып жатат.