Бишкек: жер алдындагы түтүктөн суу атылып, автоунаа аласалып кете жаздаган видео

Буга чейин "Бишкек жылуулук тармагы" эскертүү берип, пландуу сыноо иштери жасалып жатканын айткан эле.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Курманжан датка менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жер алдындагы түтүк жарылып, андан атылган суу ошол маалда өтүп бара жаткан автоунааны аласалдырып кете жаздады. Окуянын видеосун "Короче" Тelegram каналы жарыялады.
Буга чейин "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы суу түтүктөрүн пландуу түрдө оңдоо иштери 13-июнга чейин жүргүзүлүп жатканын айтып, эскертүү берген.
"Бул нерсе пландуу түрдө жасалган сыноолорго байланыштуу. Ал туурасында алдын ала эскерткенбиз. Биздин бригадалар абалга көз салып турат. Эгер кандайдыр бир мүчүлүштүк аныкталса, бригада тилкедеги жылуулук тармагын ыкчам түрдө өчүрөт. Пландуу сыноолор жылытуу учурунда ушундай болуп суу атылбаш үчүн алдын ала кам көрүп жасалган иштер", — деп билдиришти "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын маалымат кызматынан.
Ишканадан автоунаа ээсине келтирилген зыяндын орду толтуруларын айтышты.
Мэрия Бишкекте көйгөй жараткан жылуулук түтүктөрү тууралуу кабарлоого чакырды