Бир жумадан соң Бишкек менен Балыкчынын ортосунда поезд каттап баштайт. График

Поезд 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттап турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. 17-июндан тарта Бишкек — Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттап баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, поезд 17-июндан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттап турмакчы.
№ 608 "Бишкек-2 — Балыкчы" поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчыга саат 11:42де жетет;
№ 609 "Балыкчы — Бишкек-2" поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет.
Кыргызстандагы ички каттамдардын графиги жарыяланды