Радио

Жунушова: Кыргызстанда илимдин докторлугуна чейин жеткен аялдар аз

Социология илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Сайкал Жунушова өлкөдө илимдин докторлугуна чейин жеткен аялдар аз экенин айтты.
Sputnik
Республика боюнча жалпы окумуштуулардын ичинен илимдин кандидаттыгына жеткен аялдардын үлүшү 42,8 пайызды түзөт. Бул тууралуу Сайкал Жунушова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аялдардын илим жактоосуна өзгөчө көңүл бурулуусу шарт.

"Кыргыздын менталитетине сиңген жакшы бир жөрөлгө бар. Элибиз кыз балдарына билим берүүгө умтулган калк. Бул абдан туура түшүнүк. Бирок, тилекке каршы, аялдардын билимин улантып, андан ары илимпоз болушуна көптөгөн турмуштук тоскоолдуктар жаралат. Мисалы, өлкө боюнча жалпы окумуштуулардын 42,8 пайызын аялдар түзгөнү менен докторлукка чейин жеткендери 14,6 пайыз гана. Ал эми Казакстанда бул көрүнүш алда канча жогору. Анткени кыргыз кыз-келиндеринде үй-бүлө, анан илим деген тандоо пайда болуп калат. Биз ушул нерсени жоюп, аялдардын илимге келишине шарт түзүшүбүз керек", — деди Жунушова.

Окумуштуу кыргыз аялдары көбүнесе медицина, фармакология, архитектура, дизайн жана педагогика жаатындагы илимдерге басым жасай турганын кошумчалады.