Жума күнгө карата аба ырайы

10-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +31…+36, Талас чөлкөмүндө +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +33…+38, Ысык-Көлдө +23…+28, Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +34…+36, Ош калаасында +35…37, Чолпон-Ата шаарында +24…+26 градусту көрсөтөт.
Туристтик милиция Ысык-Көл тууралуу ролик тартып, эс алуучуларга кайрылды