Өлбөй тирүү калбайсың! Төрага Мамытов депутаттарды ыр менен ынтымакка чакырды

Спикер эң негизгиси парламенттен чекилик кетпесин деген пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов акын Токтогул Сатылгановдун насаатынан төрт сап окуп депутаттарды ынтымакка чакырды.
"Өлбөй тирүү калбайсың,
Жан аманат, барктай бил!
Ыркырашпа тирүүңдө,
Ырыс алды — ынтымак", — деп эл ичинде айтылып келерин белгиледи.
"Парламентте фракциялар, депутаттык топтор, бир мандаттуу округдан шайланып келгендер бар. Көз караштарыбыз ар башка болгону менен ниетибиз, максатыбыз бир, ошондуктан бардык нерсе ынтымакка келип такалат. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам. Элдин алдындагы жоопкерчилигибизди сезишибиз керек, кандайдыр бир ката, чекилик болсо эң негизгиси бизден, парламенттен кетпесин", — деди спикер.
Ошондой эле Мамытов баарын эл калыс карап жатканын, ар кимге тарых өз баасын берерин билдирди.
Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров парламентте уруша кетти. Видео