БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы сууга түшүүдө эмнелерди эске алыш керектигин айтып, эрежелерди атады.
Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
Балдар сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүшү керек;
Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт;
Алыс жакка сүзбөш керек;
Мас абалында сууга түшкөнгө болбойт;
Баланы суу боюнда кароосуз калтырбаш керек;
Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап асылууга, жабышууга болбойт;
Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн этият болуш керек;
Үйлөмө матрац, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;
Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
ӨКМ сууда сүзгөндү билбегендерге да кеңеш берген.
"Сууга чөгө баштаганын сезгенде өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй тынч кармаса, өзүн-өзү сактап калышы ыктымал. Кескин кыймыл жасабаш керек. Анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылган оң", — деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар чарчаган, ачка болгон, ооруп айыккан адам сууга түшпөй коё турушу керектигин эскертти.