Путин Россия-кыргыз конференциясынын катышуучуларына кайрылды

РФ лидери аймак аралык конференцияда Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланышты кеңейте турган жаңы сунуштардын айтыларына ишеним арткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Россия-кыргыз аймак аралык IX конференциянын ачылышына карата анын катышуучуларына кайрылып, Россия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилеси өнүгүп жаткандыгын айткан.
Россия лидеринин сөзү Кремлдин сайтына жарыяланды.
Путин борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын, ишкер чөйрөлөрдүн, эксперттик топтордун жана ЖМКлардын ортосундагы болуп келген жолугушуулар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганга жана тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.
"Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маанайда өнүгүп келе жатат. Алардын маанилүүсү — аймак аралык өз ара кызматташуу. Ал соода-экономикалык, социалдык, билим берүү, маданий, илимий-технологиялык жана башка тармактарда болуп, биргелешкен долбоорлор ишке ашып жатат", — деп айтылган телеграммада.
Россия президенти конференциянын күн тартиби көп маселелерди камтыгандыгын кошумчалап, анын катышуучулары маңыздуу, конструктивдүү талкууларды жүргүзүп, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланышты кеңейте турган жаңы сунуштарды айтышарына ишеним арткан. Андан сырткары, Евразия айдыңында өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алып баруу боюнча да пикирлердин жаралышы тууралуу айткан.
Путин: ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды чечүүнү жашоо өзү талап кылууда