УКМК: Ошто 30 гектар жерди мыйзамсыз сатты делген жетекчилер кармалды

Мыйзамсыз жер сатуу фактысы боюнча айыл жетекчилигинен бир нече адам кармалды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ош облусунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин мамлекеттик бийлик органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча комплекстүү иш-чаралардын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу фактысы белгилүү болгон.
"Жыйынтыгында Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., айылдык кеңештин мурдагы спикери К.Д.Т., айылдык кеңештин мурдагы депутаты М.К.А. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы учурда бул кылмыш ишинин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМдин Ош башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Видео