Кандай музыка мээнин иштешине оң таасир этет. Окумуштуулардын изилдөөсү

Адистер бир нече адамды тандап алып, аларга тапшырма берип сыноодон өткөрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Адамды жандандырган шаңдуу музыка (грув) мээнин иштешин жакшыртат. Бул туурасында Nature ресурсу жазды.
Грув канааттанган сезимди жаратып, адамды козголгон абалга жетелейт. Адистер киши кыймылдап, кандайдыр бир дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганда дал ушундай оң маанайдагы сезимге туш болорун айтышкан. Тагыраагы, бул нерсе адамдын кандайдыр бир кыймылды, ишти аткарып жасай турган функциясын күчөтөт — ал пландоону, шартка жараша реакцияны өзгөртүүнү жана адамдын көңүлүн бир жерге топтоону шарттайт. Мындай абал киши жандандырган, шаңдуу музыканы укканда да болушу мүмкүн экени айтылды. Анткен менен дал грувдун кишинин аткаруу функциясына байланыштуу болгон мээнин активдүүлүккө таасир эткен бөлүгүнө (l-DLPFC) түздөн-түз таасир этери изилдене элек болгон. Окумуштуулар дал ушул багытта иш алып барышкан.
Аталган илимий иштин авторлору тандап алган топко атайын тапшырма берип, жакындан инфракызыл электромагниттик нурланууну жасашкан. Ыктыярчылардан грув-музыканы уккан тажрыйбасы тууралуу айтып беришин сурашкан. Алар мындай шайыр, кыймылга жетелеген музыканын ритми бийлегиси келген адамдын бир нерсени жасоо, аткаруу функциясын жана мээнин l-DLPFC бөлүгүн активдештиргенин айтып беришкен. Окумуштуулар грув ритми адамдын когнитивдик жөндөмдүүлүгүнө эгерде ал музыканын ыргагын жүрөгүнө жакын кабыл алып, сезе алган чакта гана таасир этет деген тыянакка келишкен.
Толук кандуу уйкуну кантип калыбына келтирсе болот? Адистин кеңеши