БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып жаткан саясат таануучу Марат Казакпаев инсульт болуп, комага түштү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Адвокаттын айтымында, бүгүн эртең менен аны Тез жардам кызматы УКМКнын тергөө абагынан Фучик көчөсүндөгү №1 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирген.
"Дарыгерлер анын инсульт алганын, мээсине кан куюлуп кеткенин айтышты. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө", — деген ал.
Эске салсак, Казакпаевге мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылып былтыр кармалган. Аны менен кошо Кыргызстандагы казак диаспорасын жетектеп келген Марат Токтоучиков колго түшүрүлгөн.
Марат Казакпаев буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.