Кыргызстанга Россиянын 100дөн ашык ири ишканасынын өкүлдөрү келет. Себеби

Иш-чаранын негизги максаттарынын бири — Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 13-15-июнь күндөрү Кыргызстанга Россиянын 100дөн ашык ири компаниясынын өкүлдөрү келет. Бул тууралуу бизнес-миссияны уюштуруп жаткан Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Ишкерлер кыргызстандык кесиптештери менен байланыштарды түзө алышат.
"Эки өлкөнүн бизнесмендеринин ортосунда энергетика, өнөр жай, айыл чарба сыяктуу маанилүү тармактар боюнча келишимдер түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чаранын дагы бир максаты — Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу — иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү.
Екатеринбургда Россия-кыргыз аймак аралык конференция өтүп жатат