Классташтар, коштошуу бийи, кучак толо гүл... Ак жол сага, бүтүрүүчү!

Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Бишкектин көчөлөрүн аралап, бүтүрүүчүлөрдүн маанайын көрүп келди.
Sputnik
2021-2022-окуу жылы жылдагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталган. Андыктан окуу процесси 8-июнда аяктап, бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу линейка болду.
Баса, коронавирус пандемиясы башталгандан бери мектепте бүтүрүүчүлөр катышкан линейкалар боло элек болчу.
1 / 10

Бишкектин бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды

2 / 10

Бүтүрүүчүлөр мектепти аяктап, чоң турмушка аттанышты

3 / 10

Бүтүрүүчүлөргө гүл көтөрүп бара жаткан кыз

4 / 10

Классташтардын коштошуу бийи

5 / 10

Акыркы коңгуроо кагылган учур

6 / 10

Бул күн бүтүрүүчүлөрдүн эсинде өмүр бою калат

7 / 10

Алдыда оңой эмес, бирок кызыктуу жашоо күтүп турат

8 / 10

Быйыл акыркы коңгуроо жылдагыдай 25-майда эмес, 9-июнь күнү кагылды

9 / 10

Айрым классташтар эми 10 же 20 жылдан кийин гана жолугушу мүмкүн

10 / 10

Сейилдеп жүргөн бүтүрүүчүлөр

Тема боюнча:
Нарын шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү тогуз бүлөнү үйлүү кылышты. Сүрөт
Футбол: Кыргызстан — Сингапур оюнундагы кызыктуу ирмемдер
Мылтык кармаган кыз, альбинос таш бака. Апта ирмеми